Haber

ОшМУда тажрыйба бөлүшүү семинары өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин ФМАКИнин актылык залында Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан окутуучулар үчүн тажрыйба бөлүшүү семинары уюштурулду. Иш-чараны 2024–2025-окуу жылындагы «ОшМУнун заманбап лектору – 2025» жана «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2025» конкурстарынын жеңүүчүлөрү — ФМАКИнин доценти Койлубаева Бурулча Кожоновна (I орун) жана Медицина факультетинин окутуучусу Айтиева Айниса Камаловна (II орун) — өткөрүштү. Семинардын максаты — конкурстун жеңүүчүлөрүнүн мыкты тажрыйбаларын бөлүшүү аркылуу университетте сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруу. Иш-чарага ФМАКИнин жана ИПКнын профессордук-окутуучулар курамы активдүү катышып, заманбап окутуу ыкмалары боюнча пайдалуу маалыматтар менен таанышышты.
59 11:09 15-10-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 >|