News

Спартакиаданын жыйынтыгы жемиштүү болду

2025-жылдын 6-октябрынан 14-октябрга чейинки аралыкта Ош мамлекеттик университетинин институттар жана факультеттер аралык 1-курстун студенттеринин ортосунда спорттун 8(сегиз) түрү боюнча спартакиада болуп өттү. Бул мелдеште ЭКОНОМИКА, БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ИНСТИТУТУНУН 1-курсунун спортчулары абдан жигердүү оюн көрсөтүп, кадыр-барктуу 3-ОРУНДУ ээледи! Бул жетишкендик — команданын биримдигинин, аракетинин жана спортко болгон кызыгуусунун жемиши десек болот. ЭБжМ институтунун 1-курстарынан куралган команданы чын жүрөктөн куттуктайбыз! Активдүүлүктү көрсөткөн баардык студенттерге келечекте дагы чоң ийгиликтерди, жеңиштерди жана жаңы спорттук жетишкендиктерди багындыра беришин каалайбыз!
8 03:23 16-10-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|