2025-жылдын 6-октябрынан 14-октябрга чейинки аралыкта Ош мамлекеттик университетинин институттар жана факультеттер аралык 1-курстун студенттеринин ортосунда спорттун 8(сегиз) түрү боюнча спартакиада болуп өттү.
Бул мелдеште ЭКОНОМИКА, БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ИНСТИТУТУНУН 1-курсунун спортчулары абдан жигердүү оюн көрсөтүп, кадыр-барктуу 3-ОРУНДУ ээледи!
Бул жетишкендик — команданын биримдигинин, аракетинин жана спортко болгон кызыгуусунун жемиши десек болот.
ЭБжМ институтунун 1-курстарынан куралган команданы чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Активдүүлүктү көрсөткөн баардык студенттерге келечекте дагы чоң ийгиликтерди, жеңиштерди жана жаңы спорттук жетишкендиктерди багындыра беришин каалайбыз!