Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунда Андрогогика, өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгү жана заманбап билим берүү тенденциялары боюнча талкуу өттү. Анда окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу, чоңдорду окутуунун заманбап ыкмалары жана өмүр бою билим алуу концепциясын өнүктүрүү маселелери каралды.
Жыйынга Коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, университеттин окмуштуу катчысы Джамиля Асанбекова, педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к.,доцент Г.Жутанова жана бир катар кафедра башчылар, окутуучулар жана Квалификацияны жогорулатуу борборунун кызматкерлери катышты. Борбордун директору Ташболот Джороев андрогогиканын негизги максаты ар бир адамдын билим алуу потенциалын үзгүлтүксүз өнүктүрүү экенин белгилеп өттү.
ОшМУда андрогогика программасын окутуу жана ишке ашыруу боюнча иштер 2023-жылда башталган. Мында атайын тренелер даярдалып, окутуулар уюштурулган.










