Haber

https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20251016062323-admin_pedfak.jpeg

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунда Андрогогика, өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгү жана заманбап билим берүү тенденциялары боюнча талкуу өттү. Анда окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу, чоңдорду окутуунун заманбап ыкмалары жана өмүр бою билим алуу концепциясын өнүктүрүү маселелери каралды.

Жыйынга Коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, университеттин окмуштуу катчысы Джамиля Асанбекова,педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к.,доцент Г.Жутанова жана бир катар кафедра башчылар, окутуучулар жана Квалификацияны жогорулатуу борборунун кызматкерлери катышты. Борбордун директору Ташболот Джороев андрогогиканын негизги максаты ар бир адамдын билим алуу потенциалын үзгүлтүксүз өнүктүрүү экенин белгилеп өттү.

“Бүгүнкү күндө билим берүү бир гана жаш курак менен чектелбестен, ар бир адам үчүн өмүр бою улануучу жараян болуп калды. Ошондуктан ар бир окутуучу өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатып, жаңы билим берүү ыкмаларын өздөштүрүп турушу зарыл”, — дейт проректор Нуржамал Мапаева.

ОшМУда андрогогика программасын окутуу жана ишке ашыруу боюнча иштер 2023-жылда башталган. Мында атайын тренелер даярдалып, окутуулар уюштурулган.

Буга чейин Коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, университеттин окмуштуу катчысы Джамиля Асанбекова Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинде андрогогика программасы боюнча өткөн иш-чарага катышып, презентация жасашкан.

13 06:25 16-10-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|