Новости

СГД кафедрасында «Устат – коомдун тиреги» аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 2025-жылдын 17-октябрында ОшМУнун социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасында «Устат – коомдун тиреги» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара мугалимдер күнүнө арналып, ага окутуучулар, студенттер катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты – ардагер окутуучулардын эмгегин даңазалоо, жаш мугалимдерге үлгү көрсөтүү жана устаттык салтын улантуу, ошондой эле мугалимдердин коомдогу ордун жана жоопкерчилигин даңазалоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө кафедра башчысы доцент, ф.и.д. Амиралиев Семетей Манасович улук окутуучулар Осмонова Нургул, Арзыматова Жамиля жана доцент Орунбаева Гулькайыр, Жороева А. Эл аралык медицина факультетинин ыраазычылык баракчасы жана белеги менен сыйлады.
Мындан тышкары, улук окутуучу Осмонова Нургул жана Джээнбаева Космира «Устат – шакирт» темасында мазмундуу доклад жасашып, устаттык мамиленин баалуулугу жана тарбиядагы ролу тууралуу ойлорун бөлүшүштү.
Иш-чара концерттик программа, видео-презентациялар жана устаттар тууралуу көргөзмө менен коштолду. Студенттердин жана устаттардын ортосунда жылуу мамиле, ыраазычылык жана урмат-сыйдын маанайы байкалды.
Кафедра жетекчиси бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар келечек муундун руханий жана моралдык тарбиясына чоң салым кошоорун белгиледи.

47 13:23 17-10-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|