ОшМУда алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар уланууда
04:46
18-10-2025
79
2025-жылдын 18-октябрында ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар болуп өттү.
Семинарда 2024–2025-окуу жылындагы «ОшМУнун заманбап лектору – 2025» жана «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2025» сынактарынын жеңүүчүлөрү мастер-класстар менен чыгышты:
Саид Али Аббас — Эл аралык медицина факультетинин ага окутуучусу (I орун)
Койлубаева Бурулча Кожоновна — Филология жана маданиялараралык коммуникация институтунун доценти (I орун)
Айтиева Айниса Камаловна — Медицина факультетинин окутуучусу (II орун)
Иш-чарага МФТИТИ, ФМКИ (кыргыз жана орус филологиясы), ПИЖИ, БИМ, ВШМОП, ККФ, ФЮК жана Курулуш колледжинин ПО курамы активдүү катышып, семинар жигердүү талкуу жана кызыгуу менен коштолду.