Айпери Асанбек кызы Тбилисиде өткөн нефрология боюнча эл аралык конференцияда спикер болду
15:47
19-10-2025
51
Октябрь, 2025-жыл. Асанбек кызы Айпери — Коомдук саламаттыкты сактоо далилдүү медицина курсу менен кафедрасынын окутуучусу жана Токио Илим институтунун PhD кандидаты — Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн «Нефрологиядагы маанилүү темалар боюнча жаңылануу. ISN NIS жана Россия регионунун конференциясы» аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Конференцияда Асанбек кызы Айпери «Борбордук Азиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун (ӨБО) экологиялык жана социалдык-экономикалык тобокелдик факторлорун изилдөө» темасында илимий баяндама жасады.