Жанылыктар

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар ЭАББПКда

Бүгүн алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар ЭАББПКда болду. Семинарды 2024–2025-окуу жылындагы «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2025» сынагынын жеңүүчүсү, ФМАКИнин окутуучусу Таалайбек кызы Мээрим, «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2025» сынагынын жеңүүчүсү, ФМАКИнин окутуучусу Абдиева Айжамал Исламидиновна жана «Педагогикалык дебют – 2025» сынагынын жеңүүчүсү, ФМАКИнин окутуучусу Даниярова Сайкал Нурбековна алып барышты. Семинарга Тарых-юридика институтунун, Чыгыш таануу институтунун ПО курамы катышып, кызуу талкуулар менен коштолду жана көптөгөн жаңы маалыматтар берилди. Ошондой эле жасалма интеллекттин да жаңы методдору көрсөтүлүп, семинар максатына жетти.
34 10:41 20-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|