20-октябрь, 2025-жыл.
Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти, химия илимдеринин кандидаты Абдулазизов Тилебалды Адилович Ош билим берүү институту тарабынан уюштурулган химия мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарында Ош облусунан катышкан 18 мугалимге «Химия предметинен маселе иштөөнүн усулдары» боюнча лекция окуду.