Новости

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар уланууда

21-октябрь күнү ФМАКИде алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чараны 2024–2025-окуу жылындагы ОшМУнун педагогикалык сынактарынын жеңүүчүлөрү — ФМАКИнин окутуучулары Таалайбек кызы Мээрим, Абдиева Айжамал Исламидиновна жана Даниярова Сайкал Нурбековна — алып барышты. Семинарга ЭБМИнин, ФМАКИнин кыргыз жана орус филологиясы кафедраларынын, ККФнын, МФТИТИнин, ЭББПЖМнин, Курулуш жана Агрардык колледждеринин профессордук-окутуучулук курамы чакырылып, иш-чара жигердүү талкуулар жана максаттуу мазмун менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңы методдор менен таанышып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Семинар өз максатына жетип, педагогикалык өнүгүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.
21 11:07 21-10-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 >|