Дүйнөлүк биоэтика күнүн майрамдоо алкагында "Айлана-чөйрөнү, биосфераны жана биотүрдүүлүктү коргоо – адамдын саламаттыгы менен сак-саламат чөйрөнүн өз ара байланышын аныктайт»
05:23
22-10-2025
62
2025-жылдын 18-октябрында X Дүйнөлүк биоэтика күнүн майрамдоо алкагында "Айлана-чөйрөнү, биосфераны жана биотүрдүүлүктү коргоо – адамдын саламаттыгы менен сак-саламат чөйрөнүн өз ара байланышын аныктайт» аталыштагы иш-чара болуп отту. Иш чарада сүрөт жана социалдык видеоролик сынактарына катышкан студенттик тайпаларды даярдоодо жетекчилик кылган медицина факультетинин коомдук саламаттык жана профилактикалык медицина кафедрасынын окутуучулары Ош шаардык экологиялык-техникалык көзөмөл башкармалыгы тарабынан ардак грамота менен Гайназарова Р.Г., Туташева А.Т., Исраилова Д.К., Боркошова А.А жана Ош областтык оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан Аринбаев Б.С. ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле кафедранын профессору Т.М.Мамаев, Айтиева Ш.Дж. ОшМУнун ардак грамотасы менен сыйланышты. Студенттик иштердин сынагына жалпы 54 сүрөт, 5 социалдык видеоролик катышты. Социалдык видеоролик сынагында 1-орунга МПД1-22 тайпасы, 2-орунга МПД1-20, 3-орун ОшМУнун медициналык колледжинин 1фр8-25 тайпасынын студенти Султанова Асема ээ болушуп, дипломдор менен сыйланышты.