2025-жылдын 14–15-октябрында Ш. Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинде Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Өзбекстандагы өкүлчүлүгү, АКШнын Гарвард университетинин Медициналык колледжи, Россиянын Алтай мамлекеттик университети, Пакистандын Куэйд-и-Азам университети, Россиянын Уфа илим жана технология университети, Россиянын Санкт-Петербург политехникалык университетинин Биомедициналык системалар жана биотехнологиялар институту, ошондой эле Казакстандын Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Клеткалык биология жана биотехнология институту менен биргеликте «Продовольственная безопасность: глобальные и национальные проблемы (Food Security: Global and National Problems)» аттуу VI Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Бул конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Табигый илимдер, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунан химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, доцент Гаффорова Х., зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Юлдашова О.М. жана окутуучу Маткеримова Ф.К. катышышты.
Конференция алкагында катышуучулар институттун илимий-изилдөө лабораториялары менен таанышып, зоологиялык музейди жана виварийди көрүп чыгышты.
Ошондой эле доцент Гаффорова Х. магистранттар үчүн биоорганикалык химия боюнча «Татаал углеводдор» темасында конок лекция окуду.
Мындан тышкары, университеттер аралык кесиптик-педагогикалык жана илимий-изилдөө багытындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрдү.