Жанылыктар

Жаштар өз элинин тарыхын билип, аны менен сыймыктанууга тийиш!

20-октябрда ОшМУнун Индустриялык-педагогикалык колледжинин Коомдук илимдер жана АЧД билим берүү ПЦКсынын окутуучулары Толобаев П.А., Абдибаитов М.Т., Жоробаев Б.Ш., Ормонова А.Т., Ормоналиев К.О., Сыдыкова М.Т., Солтоев З.А., Абдрахманова А.А. тарабынан Эл аралык билим берүү программалар колледжинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул маанилүү дата - улуттук тарыхыбыздын маанилүү баскычтарын жана эгемендүүлүгүбүз үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбыздын эрдигин эске салган күн. Иш-чаранын негизги максаты - студенттердин тарыхый мураска жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын калыптандыруу болуп саналат. Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу - мамлекеттүүлүгүбүздүн башаты» аттуу конок лекция окулду. Лекцияны А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Осмонов С.Ж. алып барды. Лекцияда кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы негизги этаптар кеңири баяндалды. Айрыкча, улуттук өзүнчө иденттүүлүк, тарыхый мурас жана өткөндү унутпай сактоо маселелерине өзгөчө басым жасалды. Иш-чара студенттердин жигердүү катышуусунда өттү - алар лекторго ар кандай суроолорду берип, темага чоң кызыгуу көрсөтүштү. Мындай ачык диалог форматы жаштарда патриоттук сезимди, тарыхка болгон сый-урматты жана жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга өбөлгө түзөт. Иш-чарага катышкан бардык окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдиребиз жана мындай жолугушуулар колледждин жашоосунда жакшы салтка айланарына ишенебиз.
81 08:08 22-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|