Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар Филология, маданияттар аралык коммуникациялар (филфак) жана Тарых-юридика институттарында.
09:18
22-10-2025
18
2024-жылдын 22-октябрында ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда (ФМАКИ, филфак) жана Тарых-юридика институтунда алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу максатында семинар өткөрүлдү.
ФМАКИ (филфак)де 2024–2025-окуу жылындагы ОшМУнун педагогикалык сынактарынын жеңүүчүлөрү — Таалайбек кызы Мээрим, Абдиева Айжамал Исламидиновна жана Даниярова Сайкал Нурбековна — өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын сунушташты.
Ал эми Тарых-юридика институтунда «ОшМУнун заманбап лектору – 2025» жана «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2025» сынактарынын жеңүүчүлөрү — Саид Али Аббас (Эл аралык медицина факультетинин ага окутуучусу), Койлубаева Бурулча Кожоновна (ФМАКИнин доценти) жана Айтиева Айниса Камаловна (Медицина факультетинин окутуучусу) — семинарды алып барышты.
Иш-чарага ЭБМИнин, ФМАКИнин кыргыз жана орус филологиясы кафедраларынын, ККФнын, МФТИТИнин, ЭББПЖМнин, Тарых-юридика институтунун, ЭАББП, Курулуш жана Агрардык колледждеринин профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Семинарда катышуучулар жаңы методдор менен таанышып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чара максаттуу өтүп, педагогикалык өнүгүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири катары бааланды.