Жанылыктар

Конференция Каракалпакстан институту

2025-жылдын 16-18-октябрында Өзбекстан Илимдер академиясынын Каракалпак илим-изилдөө институтунда “Евразия биотүрдүүлүгүн сактоо: актуалдуу көйгөйлөр, чечүү жолдору жана перспективалары” аттуу III Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген биологдор катышты. Кыргызстандан ОшМУнун Табигый илимдер, дене тарбия, туризм жана агротехнологиялар институтунун, ошондой эле Медицина колледжинин профессордук-окутуучулар курамынан турган делегациясы катышты. Кыргызстандык илимпоздор Тянь-Шань жана Памир-Алай экосистемасынын биоартүрдүүлүгүн сактоо көйгөйлөрү, аларды жакшыртуунун жолдору боюнча илимий баяндамаларын жасап, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен пикир алмашышты. ОшМУнун профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан даярдалган докладдар конференциянын катышуучуларынын зор кызыгуусун жаратып, активдүү талкуулар жана суроолор менен коштолду. Уюштуруучулар кыргыз делегациясына катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, илимий байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүүгө жана конок лекцияларын өткөрүүгө кызыкдар экенин баса белгилешти. Белгилей кетсек, кезектеги IV Эл аралык илимий-практикалык конференцияны 2026-жылдын октябрында Баку мамлекеттик университетинде (Азербайжан) өткөрүү пландалууда.
177 03:26 23-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 >|