Ош мамлекеттик университетинде россиялык жана кыргызстандык окуу жайлардын башын бириктирген “Евразия тармактык университет” аттуу илимий-билим берүүчү консорциумдун III форуму өтүп жатат. Иш-чара Евробиримдиктин карамагындагы университеттердин байланыштарын чыңдоого, биргелешкен билим берүү программаларын тармактык формасын өнүктүрүүгө, акалемиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.