Жанылыктар

Окутуучулар аралыгында семинар Эл аралык билим беруу программалар колледжинде

2025 - жылдын 20 - октябрында Ош МУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде ОшМУнун окутуучуларынын алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында ОСМКБнын кызматкерлери тарабынан демилгеленген семинар болуп өттү. Семинарда " Ош МУнун заманбап окутуучусу -- 2025" сынагынын жеңүүчүсү Таалайбек кызы Мээрим, "Ош МУнун заманбап СӨАИ чебери -- 2025" конкурсунун жеңүүчүсү Абдиева Айжамал жана " Педагогикалык дебют -- 2025" сынагында жеңүүчү аталган Даниярова Сайкал катышуучуларга окутуунун заманбап технологиялары туурасында өз тажрыйбаларын бөлүштү. Семинарда окутуучулардын кызыгуусун туудурган жаңы методдор, жаңы платформалардын тегерегинде кызуу талкуулар жаралды. Иш чара ар кыл суроо - жооптор менен коштолуп, жандуу маанайда өттү.
134 04:10 23-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|