Haber

Биринчи курстун студенттерин кабыл алуу жана “Дивали” майрамына арналган иш-чара

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинде студенттерди биринчи курска кабыл алуу салтанаты жана Индия маданиятынын символу болгон “Дивали” фестивалы өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин достук мамилесин чыңдоого, көп улуттуу билим берүү чөйрөсүндө маданий ар түрдүүлүктү колдоого жана жаңы окуу жылынын ийгиликтүү башталышына арналды.

Салтанаттуу иш-чарага факультеттин администрациясы, окутуучулар, жаңы кабыл алынган студенттер жана жогорку курс студенттери катышып, бири-бирине жылуу каалоо-тилектерин жолдошту. “Дивали” фестивалынын алкагында студенттер тарабынан концерттик программа, улуттук бийлер жана көркөм номерлер көрсөтүлдү.

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы бул өзгөчө күн менен бардык студенттерди жана кесиптештерди чоң кубаныч менен куттуктайт!
Жаңы студенттерге окууда зор ийгиликтерди, демилгелеринин ишке ашуусун жана чыгармачылык шыктануу каалайбыз. Ар бириңиздердин билимге болгон умтулуусуңар университеттин, өлкөнүн жана жалпы адамзаттын өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенебиз.

Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин эл аралык достугун бекемдөөгө жана ОшМУнун көп улуттуу академиялык чөйрөсүн өркүндөтүүгө чоң мааниге ээ.

39 04:15 23-10-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|