Новости

“Кызгылт октябрь: Бирге биз күчтүүбүз!” аттуу иш-чара өттү

Ош мамлекеттик университетинде “Кызгылт октябрь: Бирге биз күчтүүбүз!” аттуу иш-чара өттү
Ош шаары, 21-октябрь 2025-жыл. Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде эмчек безинин рагынын алдын алуу жана эрте аныктоо боюнча эл аралык “Кызгылт октябрь” айлыгынын алкагында “Биз бирге күчтүүбүз!” аттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны ОшМУнун ректору, проф. Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ачып берди. Ошондой эле Ош облустар аралык онкология борборунун директору Панизова Зарина Мамазакировна, ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы, РИТА долбоорунун координатору Калматов Роман Калматович бул иш-чаранын маанилүүлүгүн айтып өттүштү.
Программа алкагында бир катар адистер өздөрүнүн илимий баяндамаларын аудиторияга сунушташты:
“Статистика: фактылар жана сандар” – Ош облустар аралык онкология борборунун директору Зарина Панизова;
“Маммография — ракты эрте аныктоонун алтын стандарты” – онколог, маммограф Касьмов Дениз;
“УЗИ-диагностика: мүмкүнчүлүктөр жана чектөөлөр” – УЗИ-адиси Мамапов Нурбек Максутович;
Андан кийин Польшада RITA долбоорунун алкагында тажырыйба алып келген тренерлер тобу Кыргызстандагы жаштар арасында рак оорусунун алдын алуу боюнча эл аралык тажрыйба менен бөлүшүштү.
Иш-чарага ОшМУнун окутуучулары, кураторлор жана студенттер катышышты.
Жыйыетыгында катышуучулар «Кызгылт лента — боорукерликтин жана колдоонун белгиси» акциясынын алкагында розовый лента тагынып, биргелешкен фотосессия жана видеосъемка жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын максаты — аялдардын ден соолугун сактоонун маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, эмчек безинин рагын эрте аныктоо жана алдын алуу боюнча маалыматты жайылтуу болду.
Аталган иш-чара “Польша-Америка Эркиндик” фонду тарабынан колдоого алынып, RITA “Аймактык өзгөрүүлөр” долбоору аркылуу ишке ашырылууда.

34 04:25 23-10-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|