Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданият аралык коммуникация институтунда сапат департаменти тарабынан уюштурулган семинар өттү. Иш-чаранын максаты — окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруу, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү жана тажрыйба алмашуу болду.
Семинарга Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы С.М. Амиралиев жетектеген окутуучулар катышып, ОшМУнун “Мыкты окутуучу” конкурсуна жеңүүчү болгон тажрыйбалуу адистерден баалуу билим жана практикалык кеңештерди алышты.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар инновациялык окутуу ыкмалары, студенттердин мотивациясын жогорулатуу стратегиялары жана санариптик билим берүү платформаларын натыйжалуу пайдалануу боюнча кеңири маалымат алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында СГД кафедрасынын өкүлдөрү окутуунун заманбап технологияларын окуу процессине киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, өз кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүштү.











