2025-жылдын 15-17-октябрь күндөрү зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценттери: К.Стамалиев жана Б.Каримов Каракалпакстандын айыл-чарба жана агротехнологиялар институтунда «Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» багытынын 2-4-курстарынын студенттерине экология дисциплинасы боюнча конок лекция окуду. Конок лекцияга студенттер менен биргеликте аталган окуу жайдын окутуучу-профессорлору да катышып, тажрыйба алмашуу ирээтинде жогорку окуу жайлар арасында кесиптик-педагогикалык жана илимий-изилдөө багытындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.