Ош мамлекеттик университети
Эл аралык билим берүү программалары колледжинин араб тили окутуучулары жана студенттери
" Араб тили жумалыгы "
деген иш чараны,биз менен практика жаатында бир канча жылдан бери иштешип келе жаткан "Билим-нуру" жеке менчик окутуу комплексине барып өткөрүп келдик.
Араб тили адистигинде окуп жаткан студенттер,мектеп окуучуларына араб ырларын жана бийлерин көргөзүштү.
Акырында мектеп окуучуларына студенттер тарабынан түзүлгөн,араб тилине байланыштуу викторина уюштурулду.
Жооп берген окуучуларга ар түрдүү белектер берилди.