ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АСПИРАНТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА БӨЛҮМҮНДӨ ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРГӨ КОНКУРСТУК КОМИССИЯ УЮШТУРУЛДУ
10:41
28-10-2025
37
2025-жылдын 27-октябрында аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан Ош мамлекеттик университетинин изденүүчүлүгүнө илимдин доктору жана илимдин кандидаты окумушутуулук даражасын изденип алуу үчүн изденүүчүлөрдү кабыл алуу боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү. Конкурстук комиссиянын буйругун Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев тааныштырды. Конкурстук комиссиянын төрагасы илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, ф.-м.и.к., доцент Э.А. Эшаров комиссиянын иш тартибин жана тиешелүү адистиктерден тураарын белгиледи. Комиссияга илимдин докторлору, университеттин алдыңкы окумуштуулары катышып, изденүүчүлөрдүн илимий темаларын, адистиктеринин шифрын жана илимий жетекчилерин (кеңешчи) бекитүүгө өздөрүнүн сунуштарын билдиришти. Жыйынтыгында 2025-2026-окуу жылы үчүн ОшМУнун изденүүчүлүгүнө илимдин кандидаттыгына 13, илимдин докторлугуна 19 талапкердин темалары комиссия мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу менен бекитүүгө сунушталды.
Илимдин докторлугуна: 14.01.00 – клиникалык медицина илимдери – 4; 01.00.00 – физика-математика илимдери – 2; 13.00.00 – педагогика илимдери – 4; 05.00.00 – техника илимдери – 1; 19.00.00 – психология илимдери – 1; 08.00.00 – экономика илимдери – 2; 03.00.00 – биология илимдери – 1; 12.00.00 – юридикалык илимдер – 1; 10.00.00 – филология илимдери – 3. Илимдин кандидаттыгына: 10.00.00 – филология илимдери – 2; 13.00.00 – педагогика илимдери – 3; 12.00.00 – юридикалык илимдер – 1; 08.00.00 – экономика илимдери – 2; 07.00.00 – тарых илимдери – 3; 05.00.00 – техника илимдери – 2.