2025-жылдын 22-26-октябрь күндөрү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана
агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор Низамиев
А.Г. жана физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК
кафедрасынын доценти, г.и.к. Обдунов Э.А. Душанбе шаарындагы Айни атындагы
Тажик мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапары менен барып
келишти. Бул иш сапары “Обоснование потенциала зеленой экономики и
отраслевой диверсификации для устойчивого развития региона (на примере
Ошской и Баткенской областей Кыргызской Республики и Андижанской области
Республики Узбекистан)” аттуу ОшМУнун гранттык долбоорун аткаруу алкагында
болду. Ушуга байланыштуу Низамиев А.Г. аталган университетте уюштурулган
«Природные ресурсы как основной фактор социально-экономического развития
Таджикистана» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык
отурумунда “Переход к «зеленой» экономике в Кыргызстане: синхронизация
государственной стратегии и научных исследований” деген темада илимий
баяндама жасады. Конференцияны алкагында коноктор үчүн Турзунзаде шаарындагы
жүзүм плантацияларына жана Нурек шаарындагы Нурек ГЭСине экскурсиялар
уюштурулду. Ягноб дарыясынын жогорку агымындагы жайгашкан “Ягноб” улуттук
табигый паркын кыдырышып, согдианалыктардын түз тукумдары болгон ягнобдордун
турмуш-тиричилиги жана үй чарбасы менен таанышышты.











