БАНК ИШИ АГЫМЫНЫН СТУДЕНТИ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА
07:58
30-10-2025
497
28-октябрь күнү Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети тарабынан уюштурулган орто кесиптик окуу жайлар ортосундагы эл аралык илимий-практикалык студенттик конференцияга банк иши агымынын студенти Ашимжанова Мээримай катышып, “Санариптик билим берүү экономиканы калыптандыруунун негизги фактору” аталышында илимий доклад жасады. Илимий жетекчиси окутуучу Муратова Ч.К. Конференцияда туруктуу экономикалык өсүш үчүн инновациялык ыкмалар жана санариптик чечимдер туралуу сунуштар айтылды. Жыйынтыгында мыкты доклад үчүн ыраазычылык баракча жана сертификат менен сыйланышты.
(https://us06web.zoom.us/j/87550999467?pwd=RoIP4NVioiaoPZb4M5bpLde72YtZa9, секция №2)