Жанылыктар

Пекин CACIE-2025 — ОшМУ!

Пекин CACIE-2025 — ОшМУ! 2025-жылдын 29–31-октябрында Пекин шаарында өтүп жаткан CACIE 2025 — Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгы жана билим берүү менен өнөр жайды интеграциялоо боюнча симпозиумга Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтунун директору, доцент Б.А. Азимов жана КМИГД кафедрасынын башчысы, доцент Т.М. Жолдошов Нанкин технологиялык институтунун чакыруусу менен катышып жатышат. — Симпозиумда ОшМУнун МФТИТ институтундагы кызматташтыгы үлгү катары көрсөтүлдү; — Кытай тарап менен жүргүзүлгөн кызматташтык боюнча Б. Азимов баяндама жасады; — Бир нече жогорку окуу жайлар менен таанышуулар болууда; — Эл аралык кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Симпозиумга дүйнөдөгү Кытай менен кызматташууну көздөгөн 300 дөн ашуун ЖОЖдордун өкүлдөрү катышууда. ОшМУ билим берүүдө глобалдык байланыштарды бекемдөөдө ишин улантууда!
366 03:45 31-10-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|