28-октябрь күнү мен Атабеков Үсөн Аданович
БК-1-24 тайпасы менен биргеликте "Канаттуулардын мисалында көк көгүчкөндүн чулчеласын жасоо" деген темада практикалык сабак өткөрдүм. Бул сабак жөн гана теория эмес, жандуу тажрыйба, илим менен өнөрдүн айкалышы болду. Ак халат кийип ар бир студент эмгек менен аракет кылып өз колдору менен жасашты.
Куштун кебин жасоо процессин көрүү — табиятты, жаныбарлар дүйнөсүн жана алардын кооздугун башка көз менен баалоого түрткү берди. Ар бир майда деталь, ар бир кадам артында чоң эмгек, чыдамкайлык жана кылдаттык бар экенин түшүнүштү.Таксидермия — бул жөн гана сактоо эмес, бул жаратылышка болгон урмат, изилдөө жана көркөм өнөрдүн чыныгы бир формасы.