News

Кесиптик багыттык педагогикалык практиканы жыйынтыктаган конференция болуп өттү

Кечээ 31.10.2025. филология жана маданият аралык коммуникация институтунда Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан кесиптик-багыттык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г.Жутанова жана жалпы психология кафедрасынын башчысы С.Кошонова, мектеп мугалимдери, 3-4-курстар катышты. Конференция 2 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүк куттуктоолор жана баяндамалардан турду. Кафедранын улук окутуучусу Асылкан Маматова билим берүүнүн стандартындагы өзгөрүүлөр жана жаңылануулар боюнча баяндама жасап, суроолорго жооп берди. Ал эми экинчи бөлүктө кесиптик-багыттык практикадан кайткан студенттер өздөрүнүн практикадагы ишмердүүлүгү менен тааныштырып, план-иштелмелердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору, доцент Олжобай Шаимкулов практикант – эртеңки адис экендигин жана ал дайыма изденүүгө, чыгармачылыкка аракет жасоо керектигин баса белгилеп, студенттерди окуу программаларын өзгөртүүдө да көз караштары болуусу зарылдыгын айтты. Анткени, бүгүнкү заман талабы – дуалдык окутуу, практиканы көбөйтүү маселеси актуалдуу экендигин өз кебинде белгилеп өттү. Доцент Г.Жутанова, С.Кошоновалар педпрактика боюнча пикирлерин айтышып, ийгиликтерди каалашты. ФББТ кафедрасынын башчысы, Б.Байтикова катышкан мектеп мугалимдерине, методисттерге, студенттерге ийгилик каалап, конференцияны жогорку деңгээлде уюштурган педпрактика жетекчиси Жылдыз Камчыевага ыраазычылык билдирди.
43 09:13 01-11-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|