News

25-октябрь 2025ж. «Ишкердиктин негиздери»

25-октябрь 2025ж. ИПКда «Ишкердиктин негиздери» предметинин окутуучулары М.Чыналиева, А.Абдалимовалар предметтин алкагында жаштардын ишкердик жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүү, өз алдынча ой жүгүртүү жана жоопкерчилик сезимин күчөтүү максатында бизнес клуб түзүп өзүнүн алгачкы иш чарасын өткөрдү. Клубдун ишмердүүлүгү системалуу болуу үчүн иш план түзүлүп, анда тынымсыз ар кандай багыттагы, мазмундагы иш чараларды өткөрүү пландаштырылды. Иш чарада клубдун максаттары, ички уставы, түзүмү, милдеттери кабыл алынып, иш план жактырылды жана иш чара студенттерге дем, багыт берүү максатында мотивациялык оюн менен коштолду. Бул оюнду уюштурууда жана өткөрүүдө кесиптешибиз Нышанбай кызы Назгүлгө ыраазычылык билдиребиз. Клуб өзүнүн ишмердүүлүгүндө жакшы жетишкендиктерге жетишебиз деген үмүттөбүз жана клубдун ишине ийгиликтерди каалайбыз.
53 16:06 01-11-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|