Кыргыз-Кытай факультетинде Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары тарабынан илимий макала жазуунун методологиясы боюнча билим жогорулатуу сабактары өттү
09:17
03-11-2025
25
Кыргыз-Кытай факультетинде Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары тарабынан билим жогорулатуу сабактары өткөрүлдү. Программа эл аралык рецензияланган журналдар үчүн илимий макала жазуунун методологиясына багытталып, мугалимдер Scopus жана Web of Science базаларынын талаптары, изилдөөнүн этаптары жана макаланы даярдоонун практикалык ыкмалары менен таанышты.
Сабактарды Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары —
доцент Нилуфар Жамоллиддинова Акрамовна жана
PhD, доцент Мамаджанова Нозима Адхамовна
жүргүзүп, катышуучуларга заманбап илимий талаптарды терең түшүндүрүп беришти.
Программаны ийгиликтүү аяктаган Кыргыз-Кытай факультетинин мугалимдери расмий сертификаттарга ээ болушту. Бул окуу окутуучулардын илимий-методикалык компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.