ОшМУда алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу семинарлары уланууда
09:26
03-11-2025
17
Бүгүн ОшМУнун Медицина факультетинде алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинар өтүп жатат. Иш-чараны 2024–2025-окуу жылындагы педагогикалык сынактардын жеңүүчүлөрү — ФМАКИнин доценти Койлубаева Бурулча Кожоновна, Эл аралык медицина факультетинин ага окутуучусу Саид Али Аббас жана Медицина факультетинин окутуучусу Айтиева Айниса Камаловна алып барууда.
Ал эми 31-октябрда ушундай эле семинар Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда өтүп, анда ФМАКИнин окутуучулары Таалайбек кызы Мээрим, Абдиева Айжамал Исламидиновна жана Даниярова Сайкал Нурбековна тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.
Семинарлар профессордук-окутуучулук курамдын активдүү катышуусу менен өтүп, жаңы методдорду үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болууда.