2025-жылдын 4-ноябрында Финансы-юридикалык колледжинде дуалдык окутуунун элементтерин кийирүү максатында “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигинин бүтүрүүчү курстарына “Товардык-материалдык запастардын эсеби” деген темада “Конок лекция” уюштурулду. Лекцияны ЖЧК “Артвин Групп КейДжи” ишканасынын башкы бухгалтери Абжапаров Нургазы Эгембердиевич өтүп, студенттерге адистиктин өзгөчөлүктөрүн жана мыкты адис болуунун сырларын айтып берди. Уюштуруучу БЭжС бөлүмүнүн окутуучусу э.и.к. Исаков К.А.