News

Halloween Party маданий иш-чарасы ЭАБПЖМнин Эл аралык мамилелер бөлүмүндө өттү.

2025-жылдын 31-октябрында студенттер өзгөчө образдарды жаратып, креативдүү костюмдар менен сахнага чыгышты. "Эң мыкты костюм" номинациясынын жеңүүчүлөрү окутуучулар тарабынан тандалып, сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле "Wrap the Mummy" жана "Mystery Box" аттуу оюндар кызыктуу маанай тартуулады. Студенттер англис тилиндеги сүйлөө жөндөмдөрүн жана чыгармачылыгын көрсөтүштү. Иш-чаранын максаты — студенттердин тил билимин өркүндөтүү, эл аралык маданият менен тааныштыруу жана активдүүлүгүн арттыруу болду. Иш-чара МИМО(б)-3-25 тайпасынын студенттери жана окутуучу Абдырахманова Тазагүл Каныбековнанын жетекчилиги алдында уюштурулду.
19 09:52 04-11-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|