30- октябрь күнү Ош мамлекеттик университетте илимий долбоорлордун көргөзмөсү өткөрүлдү. Т.Т.Жумабаеванын жетекчилиги астында "Пайдалуу өсүмдүктөр,алардын биохимиялык курамы,фармацевтикалык касиети жана биологиялык активдүү заттарды алуу технологиялары" деген проект боюнча көргөзмөгө окутуучулар: Н.К.Ташматова, К.М. Алдозовалар катышышты.Проектилердин көргөзмөсү боюнча атайын калыстар тобу иш алып барышты. Жыйынтыгында ар бир багыттар боюнча мыкты эмгектер бааланып, атайын номинациялар Илим күнүнө карата иш- чарада ыйгарылат.