Дмитрий Юрьевич — патофизиология боюнча тажрыйбалуу окумуштуу, 140тан ашуун илимий эмгектин жана 19 патенттин автору. Анын илимий жумуштары ткань регенерациясынын жана шишик өсүшүнүн молекулалык механизмдерин изилдөөгө багытталган.
Лекция убагында ал клеткалык жана молекулалык өзгөрүүлөрдүн ролун, ангиогенез жана сигналдык жолдордун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле биомаркерлерди баалоонун заманбап ыкмаларын жана таргеттик терапиянын перспективаларын талкуулады.
Кафедра Дмитрий Юрьевичке профессионалдык салымы үчүн ыраазычылык билдирет жана келечектеги илимий өнөктөштүктү күтуп калат.











