2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары тарабынан тил жана адабият сабактарынан бир катар ачык сабактар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин тилдик жана адабий компетенциясын жогорулатуу, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана талдоо жөндөмүн өркүндөтүү болду.
Окутуучу Эшимбекова Үмүтай кыргыз адабияты сабагынан Тоголок Молдонун “Кемчонтой” аңгемесин өтүп, студенттер менен чыгарманы мазмундук жана идеялык жактан талдоого алды. Сабакта адамгерчилик, боорукердик жана жоопкерчилик темалары кеңири ачылып, студенттердин адабиятка болгон кызыгуусу артты.
Асанбаева Бермет орус тили сабагынан ачык сабак өткөрүп, студенттерге лексикалык жана грамматикалык нормаларды туура колдонуу боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарууга шарт түздү. Сабак интерактивдүү усулдар менен уюштурулуп, студенттердин сүйлөө жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Ошондой эле Жоомарт кызы Бактыкан кыргыз тили сабагынан “Антонимдер,алардын түрлөрү” темасында сабак өтүп, студенттерге антонимдердин көркөм тексттеги мааниси жана стилистикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу терең билим берди. Сабакта чыгармачыл тапшырмалар, талкуулар жана практикалык иш-аракеттер ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Ачык сабактарга ОСЖМКБнын методист-координатору М. Нурмаматова, ИПКнын методикалык кеңешинин төрайымы Ө. Шаимкулова, ФДЦКнын окутуучулары катышышты сабактардын уюштурулушун, методикалык деңгээлин жана мазмунун жогору баалашты.