Бүгүн, 2025-жылдын 5-ноябрь күнү, 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Президенттик стипендиянын ээси, Х(б)-1-22 тайпасынын студенти Исматилла кызы Жасмина химия жана химиялык-экологиялык криминалистикалык экспертиза профилдеринин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда Жасмина университеттин босогосун аттаган алгачкы күндөрүнөн тартып, Президенттик стипендияга чейин жеткен ийгиликтери, билим жана жашоо жолундагы тажрыйбалары тууралуу кеңири маалымат берип, студенттерге өзүнүн мотивациясын жана тажрыйбасын бөлүштү.
Ошондой эле ал орус, англис жана корей тилдеринде эркин сүйлөй аларын белгилеп, учурда окуудан тышкары Оштогу корей тилин үйрөтүү борборлорунун биринде сабак берип жатканын айтты.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, пайдалуу пикир алмашуулар болду.
Бул иш-чара жаштардын билимге жана ийгиликке болгон умтулуусун арттырып, студенттер үчүн шыктануу булагы болду.











