Бүгүн МФТИТ институтунда — Студенттер күнү белгиленди!
04:50
18-11-2025
151
17-ноябрь студенттер күнүнө карата Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда майрамдык иш-чара уюштурулду. Ошону менен катар 1-курстун студенттери салтанаттуу түрдө студенттикке кабыл алынды. Аларга бүтүрүүчү курстар тарабынан белектер тапшырылды.
Студенттер күнүнө карата уюштурулган "Директордун волейбол боюнча кубогу" жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана кубок менен сыйланышты.
Кеченин жүрүшүндө институттун директору Бектур Азимов жана кафедра башчылары студенттерге каалоо-тилектерин айтышып, ийгилик каалашты.
Таланттуу студенттердин ыр-бийлеринин коштоосунда өткөрүлгөн кече баарына кубаныч тартуулап, жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.
Куттуктайбыз, студенттер!