Сабактын негизги максаты студенттерге латын тилинин грамматикалык түзүлүшүн үйрөтүү, зат атоочтордун беш кыйкымын өздөштүрүү жана медициналык-анатомиялык терминдердин түзүлүшүн жана алардын колдонулушун практика жүзүндө көрсөтүү болду.
Сабак учурунда студенттер vena, musculus, corpus, facies, tendo ж.б.у.с. терминдердин түзүлүшүн талдап, кыйкымдык аяктоолорду туура аныктоо жана колдонуу боюнча тапшырмаларды аткарышты.
Интерактивдүү окутуу ыкмалары, таблицалар, презентация, Kahoot квизи жана практикалык тапшырмалар колдонулуп, студенттер сабакка жигердүү катышты. Алар анатомиялык терминдерди грамматикалык жактан талдоо жана туура жазуу көндүмдөрүн бекемдешти.
Ачык сабакка социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары, ошондой эле кафедра башчысы, ф.и.д., доцент Амиралиев Семетей Манасович жана кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жоопту улук окутуучу Маматова A.Б. катышышып, сабактын сапаты жана методикалык жактан уюштурулушу боюнча кайтарым байланыш берип, ой-пикирлерин билдиришти. Кафедра башчысы Амиралиев Семетей сабактын уюштурулушун, мазмундуулугун жогору баалап, бир катар өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды жана айрым кемчиликтер боюнча эскертмелерди да белгилеп өттү.
Сабактын соңунда студенттер мини-квиз жана оозеки суроолор аркылуу текшерилип, латын тил илимине жана анатомиялык терминологияга байланыштуу билим деңгээли аныкталды. Студенттер латын тилинин негизги грамматикалык түзүлүштөрүн өздөштүрүп, анатомияда кеңири колдонулган терминдерди туура талдай алышканын көрсөтүштү.
Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы мындай көрсөтмөлүү жана ачык сабактар студенттердин тилдик компетенциясын, аналитикалык ой-жүгүртүүсүн жана кесиптик билимдерин өркүндөтүүгө чоң салым кошорун белгилейт.











