Жанылыктар

Ачык сабак

2025-жылдын 17-ноябрында ЭАМФтин Социалдык-гуманитардык дисциплиналар (СГД) кафедрасынын окутуучусу Бусурманкул кызы Мээримгүл 1-курстун GM-II-31 тайпасынын студенттери үчүн «Structure of anatomical terms. Noun and its categories. Latin words used in anatomy» темасында ачык сабак өттү. Сабактын негизги максаты – студенттерге латын тилинин грамматикалык түзүлүшүн үйрөтүү, зат атоочтордун беш кыйкымын өздөштүрүү жана медициналык-анатомиялык терминдердин түзүлүшүн жана алардын колдонулушун практика жүзүндө көрсөтүү болду. Сабак учурунда студенттер vena, musculus, corpus, facies, tendo ж.б.у.с. терминдердин түзүлүшүн талдап, кыйкымдык аяктоолорду туура аныктоо жана колдонуу боюнча тапшырмаларды аткарышты. Интерактивдүү окутуу ыкмалары, таблицалар, презентация, Kahoot квизи жана практикалык тапшырмалар колдонулуп, студенттер сабакка жигердүү катышты. Алар анатомиялык терминдерди грамматикалык жактан талдоо жана туура жазуу көндүмдөрүн бекемдешти. Ачык сабакка Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары, ошондой эле кафедра башчысы, ф.и.д., доцент Амиралиев Семетей Манасович катышып, сабактын сапаты жана методикалык жактан уюштурулушу боюнча кайтарым байланыш жана баалоо беришти. Кафедра башчысы Амралиев Семетей сабактын уюштурулушун, мазмундуулугун жогору баалап, бир катар өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды жана айрым кемчиликтер боюнча эскертмелерди да белгилеп өттү. Сабактын соңунда студенттер мини-квиз жана оозеки суроолор аркылуу текшерилип, латын тил илимине жана анатомиялык терминологияга байланыштуу билим деңгээли аныкталды. Студенттер латын тилинин негизги грамматикалык түзүлүштөрүн өздөштүрүп, анатомияда кеңири колдонулган терминдерди туура талдай алышканын көрсөтүштү. Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы мындай көрсөтмөлүү жана ачык сабактар студенттердин тилдик компетенциясын, аналитикалык ой-жүгүртүүсүн жана кесиптик билимдерин өркүндөтүүгө чоң салым кошорун белгилейт.
124 05:22 18-11-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|