Жанылыктар

Аспиранттарга PhD Окутуучуларга, студенттерге кыргыз тилин окутуунун санариптик платформасы тааныштырылды

2025-жылдын 13-ноябрында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларына, аспиранттарына жана PhD докторанттарына жана студенттерге кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы боюнча маалымат берди. Анда мультимедиялык каражаттарды колдонуу менен угуу жана окуу аркылуу түшүнүү, өз оюн жазуу, оозеки билдирүү сыяктуу тилдик көндүмдөрдү өнүктүрүү ыкмалары камтылган. Ошондой эле окуу материалдары, тесттер, көнүгүүлөр жана башка билим берүү ресурстары сунушталат. “Кыргызтест” системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык платформа төрт негизги бөлүктөн турат. Алар: Лексикалык минимум; Лексиканы колдонуу; Коммуникативдик компетенция; Функционалдык грамматика.
108 11:39 18-11-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|