Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын ишмердүүлүгү боюнча ОшМУда маалымат берилди
15:31
18-11-2025
71
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу 28-октябрда Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди. Алгач ал ректор Кудайберди Кожобеков менен кезигип, окуу жайдагы кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча пикир алышты.
Андан соң төрага университеттин түзүмдөрүндө иш алып барган кесиптик бирликтин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда Мурадил Жумадилде уулу федерациянын учурдагы иши жана өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле федерациянын мүлкү, жолдомолор, эс алуу жайларынын абалы, пансионаттардагы оңдоо иштери, финансылык маселелер, дисконттук карточкалардын колдонулушуна да токтолду. Мындан тышкары кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин жакшыртуу жолдорун белгиледи.
Жолугушуунун соңунда катышуучулар суроо берип, өз тармагындагы көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.