News

Борбордук комитетке жаңы төрага шайланды

2025-жылдын 28-октябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинде кезексиз пленум өткөрүлүп жаңы төрага шайланды. Пленумдун жүрүшүндө комитеттин төрагасы Рустам Нурматов акыркы 9 айдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири отчет берди. Отчетто билим берүү тармагындагы социалдык өнөктөштүктү чыңдоо, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кесиптик укуктарды коргоо боюнча аткарылган иштер белгиленди. Аталган учурдагы аткарылган жумуштар пленум тарабынан жогору бааланып, төрагалык кызматты тапшырып жаткан Р.Нурматовго алкыштар айтылды. Ошондой эле пленумдун күн тартибине ылайык төрагалык кызматка КР Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Саламат Боёнов сунушталып, пленум мүчөлөрүнүн бирден добушу менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине төрага болуп шайланды. Катышуучулар жаңы төрагага ийгилик каалап, комитеттин ишин натыйжалуу жүргүзүүнү суранышты. Ошондой эле пленумдун күн тартибинде борбордук комитеттин курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү маселеси каралды.
110 15:36 18-11-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 >|