Жанылыктар

«Жогорку жана орто билим берүү окуу жайларындагы эмгек мамилелеринин заманбап маселелери жана аларды жөнгө салуу жолдору» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Боёнов Саламат Акылбекович, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Чотонов Айбек Оозбекович, жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Турсунбек уулу Эрбол катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар сунуштар айтылды: — студенттик кесиптик бирлик кеңешин ар бир окуу жайга түзүү; — спорттук жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү мүмкүнчүлүгү; — эки тараптуу жамааттык келишимдерди мындан ары бирдиктүү ишке ашыруу сунушталды. Мындан ары ишмердүүлүктө билим жана илим тармагындагы эмгек мамилелерин жакшыртуу, ошондой эле жогорку жана орто окуу жайлар менен социалдык өнөктөштүктү чыңдоо маселелери талкууланды.
97 15:46 18-11-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|