Жанылыктар

Ош мамлекеттик университетинде илимпоз окутуучуларды сыйлоо аземи уюштурулду.

18-ноябрда эл аралык илим күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде илимпоз окутуучуларды сыйлоо аземи уюштурулду. Аталган салтанатта социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын 4 окутуучусу 2024-2025-окуу жылында диссертацияларын коргоп, илимий изилдөө жана окуу-тарбиялык иштеринде жетишкен ийгиликтери үчүн сыйланышты: 1. С.М. Амиралиев - филология илимдери боюнча докторлук диссертациясын жактагандыгы жана Scopus базасына катталган журналда 1 макаласы чыккандыгы үчүн. 2. К. Пасанова - тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын когондугу үчүн. 3. Б.У. Адылбекова - Scopus базасына катталган журналда биринчи автор катары 1 макаласы чыккандыгы үчүн. 4. Д. Салиева - билим берүү жана коомдук ишмердүүлүгүндөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн.
174 05:17 19-11-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|