Жанылыктар

«Бүткүл дүйнөлүк философия күнүн» белгилөөгө арналган студенттик илимий практикалык конференция

2025- жылдын 18- ноябрында «Бүткүл дүйнөлүк философия күнүн» белгилөөгө арналган студенттик илимий практикалык конференция Кыргыз- Кытай факультетинде Түштүк философтор коому менен биргеликте уюштурулду. "Философия- бул дүйнөнү гана түшүндүрүү эмес, өзүн-өзү түшүнүүгө болгон аракет" дегендей, студенттик илимий практикалык конференция ааламдашуу доорунда өтө тездик менен өнүгүп жаткан техногендик замандын актуалдуу маселесине арналып, жаңы тенденцияга карата кызыктуу илимий изилдөөлөр, дискуссиялар менен коштолду. Конференцияга эл аралык медицина факультетинин улук окутуучусу Н.Осмонованын жетекчилигинде 2-курстун студенти Афтаб Ализа, доцент Г.Орунбаеванын жетекчилигинде2-курстун студенттери: Б.Бостонбаев, Н.Усманова, Г.Бекетаева,У.Батырбеков жана окутуучу Т.Иманкулованын жетекчилигинде 5-курстун студентти Праджакта Каламбаркар катышты. Студенттердин ой чабытынын өсүшүнө, илимге болгон кызыгуусунун артышына өбөлгө болгон бул конференция жемиштүү жыйынтыкталды. Студенттер сертификат жана дипломдор менен сыйланышты.
80 05:20 19-11-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|