Haber

«STEM инновациялык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн 2025-жылкы окуу-өндүрүштүк практикасындагы мониторинг иш-чарасы»

STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ жана информациялык дисциплиналар циклынын “Колдонмо информатика” жана “АСОИУ” адистиктеринин бүтүрүүчү курстары 2025-жылдагы окуу-өндүрүштүк практикасына чыгарылган: АСОИУ: 03.11.2025 – 29.11.2025 ПИЭ, ТОСВТ: 17.11.2025 – 13.12.2025 Практиканын жүрүшүн текшерүү максатында ОшМУнун Практика жана карьера борборунун башчысы М. Д. Бабаев, улук инспектор Аринова Ч. Т., колледждин практика жетекчиси Касымова З., бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М. жана Сманалиев Д. биргеликте төмөнкү ишканаларга барып, студенттердин абалы менен жеринен таанышып келишти. Текшерүү төмөнкү мекеме-ишканаларда жүргүзүлдү: ОшМУнун башкы корпусундагы Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун компьютердик борбору. Финка Банк Кыргыз Телеком Ош шаарынын мэриясы Ош областтык китепканасы Дос-Кедо Банк. Эко Исламик Банк Жети Түс полиграфиялык борбору Арсенал полиграфиялык борбору Сапар маалында студенттердин иш орду, аткарып жаткан тапшырмалары, көндүмдөрдүн өнүгүү деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле аларга тиешелүү эреже-талаптар, милдеттер жөнүндө кошумча маалымат берилип, студенттердин суроолоруна кеңири жооптар берилди. STEM инновациялык колледжи практика өтүп жаткан студенттерге ийгилик каалап, кызматташкан мекемелерге ыраазычылык билдирет.
86 09:56 20-11-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|