Haber

STEM инновациялык колледжинин студенти эл аралык мелдеште 1-орунду багынтты

ПИ9-1-23 тайпасынын студенти Диканова Альбина 2025-жылдын 16-ноябрында Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык кикбоксинг мелдешине катышып, мыкты чеберчилигин жана жогорку даярдыгын көрсөттү. Мелдешке көптөгөн күчтүү спортчулар катышкан шартта Альбина тайманбастык жана тактикалык туура иш алып барып, 60 кг салмак категориясында 1-орунду ээледи. Бул жетишкендик STEM инновациялык колледжине чоң сыймык жаратып, студенттердин спортко болгон кызыгуусу жана аракеттүүлүгү жогору экенин дагы бир жолу далилдеди. Альбинаны жеңиши менен куттуктайбыз! Ийгиликтери дагы арта берсин!
95 10:04 20-11-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|