News

ЭБжМ институтунун Стипендиаттары сыйланды

2025-жылдын 20-ноябрь күнү ОшМУда «Идея, аракет, натыйжа» аталышында иш-чара уюштурулуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, стипендиянын демөөрчүсү, ОшМУнун профессору Салы Каримов, «Компаньон» банкынын өкүлдөрү, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты. Иш чаранын жүрүшүндө ОшМУнун алдыңкы студенттери сыйланды. ЭБжМ институтунун төмөнкү студенттери аталган институттун башка студенттеринен айырмаланып өзгөчө сыйлыктаргы ээ боло алышты. 1. Социалдык иштер адистигинин студенти Сыргагүл Абдрахманова «Атуулдук стипендияга» ээ болду. «Аттуулдук стипендия» 2012-жылдан тарта туруктуу берилип келет. Бүгүнкү күндө аны алгандардын саны 65ке жетти. Алгачкы жылдары ар бир студентке айына 100 доллардан берилип келсе, былтыр 10 миң сомдон ыйгарылды. Ал эми 2025-2026-окуу жылында он студент ай сайын 12 миң сомдон стипендияга ээ болот. Быйыл стипендиянын жалпы суммасы 960 миң сомду түздү. 2. Бизнес-информатика адистигинин студенти Мусабекова Айтурган “Президенттик стипендия” алгандыгы үчүн ОшМУнун ректорунун колунан ыраазычылык кат менен сыйланды; 3. 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен ОшМУнун ТОП–20 студенти тизмесине Бизнес-информатика адистигинин 2-курсунун студенти Ниязова Аяна кире алгандыгы үчүн акчалай сыйлык менен сыйланды. ЭБжМ институтунун сыймыктуу студенттеринин катары мындан кийин көбөйө берсин. Ал эми сыйлык ээлерин жалпы профессордук-окутуучулук курамдын атынан, студенттеринин атынан кызуу куттуктайбыз. Окууларында ийгиликтер жарала берсин демекчибиз.
90 17:25 20-11-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|